super.kg logo
  Саясат  

Электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдалангандарга деле 2 сом 5 тыйындык тариф иштеп жатканы айтылууда

 
Электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдалангандарга деле 2 сом 5 тыйындан төлөө боюнча квитанциялар келип жатат. Маалыматты парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева билдирди. Депутат мындай көрүнүш Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштарда болуп жатканын айтып: "700 киловаттка чейин пайдалангандарга деле 2 сом 5 тыйындык тариф менен төлөтүүгө аракеттер болуп жатканы айтылууда. Эмнеге экенин сурашса, "күнүмдүк лимитти ашырып жиберипсиңер" деп жатышыптыр. Күнүмдүк лимит деген эмнеси? Бул тууралуу элде таптакыр маалымат жок, өкмөт бул маселени иликтеп чыгышы керек",- деп билдирди.
Эскерте кетсек, жаңы тарифтер боюнча электр энергиясын 700 киловаттка чейин пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкан электр энергиясы үчүн 2 сом 5 тыйындан төлөшү керек. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: