super.kg logo

Дамира Ниязалиева: "Профессионал эмес артисттер сапатсыз ырларын аткарып концерт коюшуп, материалдык даражасын көтөрүп жатышат"

 

Бүгүн, 5-февралда Бишкекте өтүп жаткан маданият кызматкерлеринин республикалык кеңешмесинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева "профессионал эмес артисттер сапатсыз ырларын аткарып концерт коюшуп, материалдык даражасын көтөрүп жатышат" деп билдирди.

“Азыр театрда иштеген артисттердин айлык маянасы 4 миң сомду түзөт. Бул акчага жашаш, албетте, кыйын. Мамлекеттин бюджетин карап отура бербестен, көргөзмөлөрдү, андан башка чыгармаларды тартуулап каражат маселесин чечүү керек. 

Учурда профессионал эмес артисттер концерт беришип, материалдык даражасын көтөрүп жатышат. Алар сапатсыз ырларын аткарышып, коомчулуктун аң-сезимине доо кетиришүүдө. Ырчылардын ар бир ыры Көркөм кеңештин анализинен өткөрүлүп, анан элге тартууланышы зарыл. Кытайда ырчылардын аткарыла турган чыгармалары коопсуздук тармагынын уруксатын алгандан кийин коомчулукка жайылат. Бизде да ошондой болуш керек. Мындай сунушту аксакалдар киргизишти. Муну мен колдойм”,- деди Дамира Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
05.02.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Еми жон еле башка ишинерди кылгылачы жумуш таппай еми артистерге оттунорбу жакшынакай еле ырларды жазып журот
05.02.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичи куйуп жаткан го ))
05.02.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой Дамира айым!!Кытайга тенелиш учун элдин баары козун узкий кылып кыскартыш керек анда.Эми окмоттон элге же артисттерге эч кандай жардам,же колдоо болбой оз жанын оздору багып жатышат го артисттер.Бир эч кимге тийишбей оз ишинерди жасай аласынарбы?Артисттер сизден байып кетип там салганын коруп калып ичиниз ачышкан го ээ.Давай оз оокатынарды кылгыла,негизи мен артист деле эмесмин болгонун айттым.Жаман жакшы ыр болобу,эл суйгон ырына барып угушат.
05.02.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чеееерттуку десе, ушул биздин чоңдордун алгылыктуу иш кылбай, каяктагы бир нерселер үчүн убакыт короткону БЕСИИИИИТ! Эй, Дамира, күнүнө канчалаган жаш балдар зордукталып, канчалаган адамдардын тагдырлары талкаланып, канчалагандар акыйкаттык таба албай жүрүшөт, эмнеге ошолордун көйгөйлөрүн чечпейсиңер?
05.02.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дамира Ниязалиева озу таза артист экен го,Расул Маматкуловдун уйун коруп калган го супер инфодон.Артисттерге тийишбей алыс ойногула.Бизге силердин чырынар эмес,артисттердин ыры керек.Уят болот ананайын.
05.02.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу мамлекеттин акчасына жашаган силердин тамагыңар кантип кекиртектен өтүп, кантип сиңип жатат? Бети жок акмактар! Бир да пайдалуу иштери жок! Ужечи ээ, акыркы күндөрү ушулардын иш-аракеттерине нервим чыдабай баратат. Эмнеге карапайым элди эч ким ойлобойт? Кыскасы, башыңарды эле жегилечи!
05.02.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Макул профессионал эмес, уну жок артистер бар экен. Бийликте болсо мектепти коридордон буткон, анча-мынча дипломду сатып ала койгондор деле журушот го. Алар деле мамлекетке доо кетирип жатпайбы. Аларды ушинтип ким айтып чыгат болду экен
05.02.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырдап консерт коюшуп,
Байып кетти дейсинби,
36 комнат уйлорду,
Салып кетти дейсинби,
Ээми эми бизге барибир,
Со3 тапай еле айтып дейсинби,
Корочи Дами текшеришкерек дейсинби.
05.02.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуго музыка угат го Дамира эжем андан коро жанылыктарды окуса ошондо билет эле кайсы койгойду чечиш керек экенин.
05.02.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчыларды эл сынайт го деп ойлойм. Ал эми булар ушул жерден да корупция кылайын деп ойлоп атышабы? Ырчылар профессиянал болбосо да элдин журогунон орун тапканына таазим этсенер болмок. Жонокой мисал эл жакшы тартылган киного агылып кирип баштады,анча мынча спектаклга да ,ал нетсени эл баалайт. А силер эл тарап болгон бир куудулга да эл артисти деген наам бербединер го себеби алар бийликти коп сындашат.
05.02.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле озу таза иштеген адам болуп эми ушул ырчыларга асылбай эле койбоптур алар акча иштесе элдин акысын биронун акысын жеп атышкан жоок ак эмгеги менен пешене тери мн таап жан багып атышат ондон коро элдин жашоосун ондоп эканомиканы которбойсунорбу ушундай эле кыйратып жатсанар
06.02.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артистерге асылганын)))мышык майга жетпей сасык дейт го,,,депутаттарды эл жепжутаттар деп атап алышкан...өзгөрүүнү өзүңөрдөн баштасаңар болмок сулуу айым. Ырчыларга эл тараза эл сынчы. достор туурабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: