super.kg logo

"Абысыным менин кызыма чейин да жаш кыздарды ар кимге салып берип, зордуктатчу экен" дейт жабырлануучунун энеси

 
Кымбат Мырзатова күйөөсүнөн өч алуу үчүн кайын сиңдисин зордуктатуу максатында өзүнүн 2 айылдаш коңшусун жалдаган.
Сот процессиндеги токтом жана тиешелүү документтер
Сот процессиндеги токтом жана тиешелүү документтер
Сот процессиндеги токтом жана тиешелүү документтер
Сот процессиндеги токтом жана тиешелүү документтер
"Кызымды зордуктаткан абысыным Кымбат Мырзатова мурда да жаш кыздарды ар кимге зордуктатып жүрүптүр. Менин кызым анын жиндилигинен жабыркаган төртүнчү кыз экен". Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына 14 жаштагы зордукталган кыздын энеси Гүлзада Токтогазиева билдирди. 
"Кымбат бизге келин болуп келгиче эле жеңил-желпи жашоо менен жашачу экен. Муну анын айылдаштары бул окуя болгондон кийин айтышты. "Бул кызды эмнеге келин кылып алдыңар?" деп таң калгандар да көп болгон. Биз анысын кайдан билиптирбиз... Ал бизге 18 жашында келин болуп, жапжаш бойдон келген да. Анын үстүнө кызым менен мамилеси жакшы болчу. Кайним экөө ажырашкандан кийин ал күйөөсүнөн өч алуу үчүн кайын сиңдилерин шерменде кылып, уят кыларын айткан экен. Биз убагында ал сөзүнө анча маани бербептирбиз",- дейт Г.Токтогазиева. 
Анын айтымында, кызды зордуктагандар окуя болгондон кийин 2 айдан кийин гана камакка алынышкан. Кызы 15 күн ооруканада жатканда да эч ким келген эмес, алардын абалын эч ким сураган эмес. Кызын зордуктагандардын ата-энелери менен милициядан жолугушкан. Ошол жерден гана алар кечирим сурашкан экен. Кийин жабырлануучу тараптын сабатсыздыгынан пайдаланып, кызынын дарысына, балдарына жардам деп 300 миң сом беришкен. Бул акчаны жабырлануучу үй-бүлөнүн кайнежеси алып берген.  
"Абысыным бул окуядан кийин 4 ай дегенде араң табылды. Аны да өзүбүз издеп жүрүп араң таптык. Ал кара чачын сарыга боёп, кыска кылып кестирип алыптыр. Ал борбордогу Кулиев көчөсүндөгү сойкуканалардын биринде иштеп жатыптыр",- деп кошумчалайт Г.Токтогазиева. 
Учурда жабырлануучу тарап прокуратурага жана тиешелүү мекемелерге кайрылып, бул ишти борбор калаадан кароо өтүнүчү менен кайрылмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.02.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын)
05.02.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок кылгыла!!!
05.02.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан чон кыянаттык кылыптыр, эми кантип Кудай га жооп берет экен а?
05.02.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээ тооба,ушундай окуялар Кыргыз элимде болуп жатканы окунучтуу.Садага кетейин,опком чабайын Кыргызым,козубузду ачалычы.Биз улуу эл экенибизди эстен чыгарбайлы!!!
05.02.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аканы неге аласын кызынан дагы акча кымбат беле
05.02.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bulardy olum jazasyna tartyw kerek antpese bundai okuyalar kyrgyzstanda kaitalana beret
06.02.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым!
06.02.2015. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кызда эмне куноо.Зордуктаган акмактардын женесин кошуп жазасын бериш керек онбогон акмактар.


06.02.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылайлы туугандар.
10.02.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахаха 18 жашында дейби..калп айтпачы кагылайын..18 жашында ал байкуш дал сенин кызындай болуп жабыркап жигит соройго алданып жашоосу будун чан болуп аткан..анан озун кармай албай калдыбы же жашоонун тозогуна чыдай албадыбы бузулуп кетти..окшоштуруп берсенер маекти..
10.02.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте мен Кымбаттын Кудай менен мыйзам алдында так туура оз жазасын алгыдай жооп берищин каалайм..байкуш зордукталып талаада калган кызды эстесем азыр жугуруп барып башын жулуп алгым келип жатат Кымбаттын..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: