Дастан Бекешев: "Букмекердик кеңселерди жабуу алардын көмүскөдө иштешине жол ачат"
Парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев букмекердик кеңселердин иштешине тыюу салуу алардын көмүскөдө иштөөгө өтүшүнө жол ачарын билдирди. Депутаттын бул жаатта казинолорду мисалга тартып, жыйында отурган өкмөт өкүлдөрүнөн "Жок дегенде казинолор боюнча козголгон бир кылмыш иши аягына чыктыбы?" деп сурады. Букмекердик кеңселердин ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуштаган демилгечилер 2012-2014-жылдары бир нече кылмыш иши козголгонун, андан ким утуп чыкканы белгисиз экенин билдиришти.
Бекешев букмекерлерди жабууга убакыт керектигин кошумчалады. "Казинолорду жабууга 9 ай мөөнөт берилген",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

