super.kg logo

Ош. Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде балдар аянтчасын куруу маселелери талкууланды

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кезектеги эл менен жолугушуусу Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында аталган аймактын тургундары мэрге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, суроолорун узатышты. Аталган аймактык кеңештин айрым көчөлөрүндөгү канализация, балдар аянтчасын куруу маселелери айтылып, жетекчилер менен биргеликте талкууланды. 

“Өткөн жылдын ийгиликтери арбын. Сиздерге белгилүү болгондой, жылдын башында 2014-2017-жылдарга карата Ош шаарын өнүктүрүүнүн программасын кабыл алган элек. Жыл бою мына ушул программанын негизинде иш жүргүзүлдү. “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы өткөн жылда жакшы иштерди аткарды. Абоненттердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 29 663 адамга көбөйүп, 177 577 адамды түздү (2013-жылы 147 914 адам болгон). Ал эми абоненттерден топтолгон каражат да өсүп, натыйжада жыл ичинде 5 автоунаа сатып алууга жетиштик. Ал эми «Шаарсвет» ишканасы тарабынан 12 100 метр көчөнү жарыктандыруу пландалган болсо, иш жүзүндө 16 540 метр жол жарыктандырылып, 4,8 миллион сомдук жумуштар аткарылган”,- деди А.Кадырбаев.

Жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган маселелерди көзөмөлдөп, аткарууну калаа башчысы тийиштүү жетекчилерге тапшырып, тургундардын кайрылуулары жоопсуз калбайт деп баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалан сарттар отуратго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: