super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиевдин жактоочусу сотко Ички иштер министри Шамиль Атахановду чакырууну өтүндү

 

"Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сотто Ак үйдүн коопсуздугун камсыз кылган УМККнын 9-кызматынын башчысы Замир Сабаев 3-октябрда "Кумтөр" боюнча митинг болорун алдын ала уккандыгын айтып, "мен митинг тууралуу ошол кездеги УМККнын төрагасы Шамиль Атахановго билдиргем, бирок бул иш-чарага карата кандайдыр бир чара колдонууга менин укугум жок болчу" деди. Ал мындай сөздү аталган митингде модераторлук кылган Кубатбек Кожоналиевдин "Эмне үчүн бул митингдин алдын алууга аракет кылган жоксуз?" деген суроосуна жооп катары билдирди. Ал эми депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов анын дарегине айтылган сөздөрдүн чын же жалган экенин тактоо үчүн Ички иштер министри Шамиль Атахановду да сотко чакырууну өтүндү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: