super.kg logo
  Саясат  

Абдимуктар Маматов, депутат: “Ооба, бензиндин 1 литри заводдон 27 сомдон сатылып алынат”

 

Кыргызстандын мунай ташуучулары бензиндин 1 литрин заводдон 27 сомдон сатып алат. Муну парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат Абдимуктар Маматов билдирип, “бензиндин баалары негизсиз кымбаттап жатат” деген пикирлер туура эмес экенин кошумчалады. “Бензинди айдоочуларга сатууга чейинки чыгымдар бар. Алар: өлкөдөгү темир жол кызматына төлөм, кошумча нарк салыгы, бажы кызматынын төлөмү жана башка. Мунай ташуучулар бензиндин бааларына 3-5 пайыз гана кошот. Анын үстүнө бааны өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги текшерип турат”,- деди депутат.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте учурда бензиндин баалары төмөнкүдөй болууда:

АИ-95 - 43 сом 

АИ-92 - 39 сом 30 тыйын 

АИ-80 - 31 сом 

дизель майы - 32 сом 

Айрым май куюучу жайларда:

АИ-95 - 44 сом 

АИ-92 - 44 сом 40 тыйын

АИ-80 - 32 сом 

дизель майы - 34 сом 50 тыйын 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: