Кыргызстанда жогорку жана 1-сорттогу унду байытууга багытталган мыйзам кабыл алынды
"Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында 3-окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун максаты - калктын байытылган унга жетишин кеңейтүү жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү. Мындай талаптар сакталбаган учурларда административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары киргизилүүдө. Демилгечилер адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы дандан алынарын айтышып, данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетерин билдиришти. Байытуу ундун баасынын көтөрүлүшүнө алып келбей турганы айтылды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мындан сырткары жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы ири ун комбинаттарына милдеттендирилип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

