super.kg logo

Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 143,6 миллион сомго көбөйдү

 

Бүгүн, 5-февралда Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин кабыл алуу үчүн коомдук угуу болуп өттү. Быйыл шаардын бюджети 2014-жылга караганда 143,6 миллион сомго көбөйдү. Бул тууралуу коомдук угууда Ош шаардык кеңешинин Бюджет, экономикалык каржы маселеси боюнча туруктуу депутаттар комитетинин төрагасы Бекмурза Эргешов билдирди. 

2014-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 787 миллион 70 миң сомду түзсө, 2015-жылы 930 миллион 663,3 миң сомго көтөрүлдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 118,2 пайызга көбөйдү. Бул кирешелер негизинен салык эмес кирешелерден 59 миллион 400 миң сом, атайын каражаттардан 100 миллион 295,8 миң сом, салык кирешелерден 770 миллион 967,5 миң сом чогултулат”,- деди Б.Эргешов.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэрлери, калаа тургундары, бейөкмөт уюмдар, шаардык кеңештин депутаттары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: