super.kg logo

Мушкер Алмазбек Раимкулов Оштогу өзү окуган мектептин окуучуларына стипендия тапшырды

 

Бүгүн, 5-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Карл Маркс атындагы мектептин бүтүрүүчүсү, белгилүү мушкер Алмазбек Раимкулов өзү окуган мектепке келип, жеке өзүнүн атынан эң жакшы окуган 22 окуучуга стипендия берди. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, мушкер мектеп жамааты менен жолугушуу уюштуруп, спорттук зал үчүн баскетбол, волейбол жана футбол топторун белекке берди. “Колумдан келип турган мүмкүнчүлүгүмдү аткарып жатам, мыкты окуган окуучуларга стипендия берүүнү ушуну менен эле токтотпой, кийинки жылдары да улантам. Мен силердин окууда ийгиликке жетүүңөргө тилектешмин. Мыкты спортчу болуу үчүн окуунун кереги жок деп ойлобогула, биринчи кезекте татыктуу билим алуу керек”,- деди А.Раимкулов.

Окуучулар спортчуга өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты. Аталган мектептин мугалимдери өздөрүнүн бүтүрүүчүсү менен дайым сыймыктанарын айтып, учкан уясын унутпай, кабар алып келгенине ыраазычылыктарын билдиришти. Жолугушууга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Акжолов, ата-энелер жамаатынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты.  

Кошумчалай кетсек, Алмазбек Раимкулов - бокс сүйүүчүлөр арасында КРнын 10 жолку чемпиону, “Сидней-2000” Олимпиадасынын катышуучусу. Профессионалдык рингге кадам таштаган соң мушкер Түндүк Американын 3 жолку чемпиону аталган. Профессионал катары 2001-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта 30 ирет рингге чыгып, 27син жеңип, 1 ирет тең чыккан. 2 жолу жеңилүүгө мажбур болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: