super.kg logo

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдардын окуяларын иликтей келсек эле зордукталган болуп чыгууда" дейт адис

 
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова
"Биздин кризистик борбордо былтыр 390 адам жашап кетти. Жыл ичинде 3 миңге жакын адам ар кандай жардам сурап кайрылды. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарды сураштырып, иликтеп келсек, алардын зордукталганы аныкталууда". Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.
"Кризистик борбордо баш калкалап кеткендердин 55 пайызын жашы жете элек балдар түзөт. Бизге кайрылгандар 14төн 70 жашка чейинки жарандар. Алардын басымдуу бөлүгү кеңеш сурап кайрылышат. Андан сырткары ишеним телефону да тынымсыз иштейт, ар кандай соттук териштирүүлөргө да катышабыз. Эгер бул сыяктуу кризистик борборлорго мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлсө, жабырлануучулар жер-жерлерде тиешелүү жардамдарды өз убагында ала алышмак",- дейт Б.Рыскулова. 
Анын айтымында, өлкө аймагында акыркы жылдары үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук күч алууда. Бул жагдай зордук-зомбулукка кабылган балдардын өмүрүнө залакасын тийгизип жатат. Алар өз убагында психолог, психотерапевт сыяктуу адистерге кайрылбагандыктан, алардын тагдырлары да талкаланууда. 
"Мындай нерселерди жоюу үчүн өлкөнүн жер-жерлеринде кризистик борборлордун санын көбөйтүү зарыл. Себеби эч жактан жардам ала албай калгандар шаарга келип жардам суроого мажбур болушат",- деп кошумчалайт Б.Рыскулова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.02.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок зордуктоо эмес иликтебей еле 2-класстын созун суйлоп коюптур. Тарбия жетишсиз, женил ойлу жаштар. 99пайыз ушундай. 1 пайызы шондой болушум мумкун. Точна.
18.04.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам бериниздерчи сураныч казахстанда феруза деген кыргыз тууганыбыз бар акыбалы аябай оор 6 баласы бар бири дагы окууга барбайт документтери жок талаада иш кылат
19.04.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitieva_15, саламатсызбы!
Купуяма кененирээк жазып койсоңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: