Бишкекте жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүүдө

Биринчи Май районунун Жуманазаров атындагы балдардын спорттук мектебинин базасында 5-6-февралда өспүрүмдөр арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Мелдеш жаш курагына жараша үч категорияда өткөрүлөт:
1. 1998-1999-жылдары туулгандар;
2. 2000-2001-жылдары туулгандар;
3. 2002-жылкы жана андан кичүү балдар.
Таймаш Жеңил атлетика эл аралык ассоциациясынын эрежеси боюнча өткөрүлүп, ар бир катышуучу эки гана спорттун түрүн көрсөтө алат. Иш-чара жеңил атлетиканы өнүктүрүү, балдарды жана өспүрүмдөрдү жеңил атлетика менен машыгууга үгүттөө, ден соолукту чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана белектер менен сыйланышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.