super.kg logo

Борбордогу маданий көргөзмөгө кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, адабий китептер коюлду

 

Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясынын алкагында көргөзмө уюштурулду. 

Ага КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев, республиканын жети дубанынан келген маданият кызматкерлери күбө болушту.

Көргөзмөдө Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин мыкты сүрөттөрү, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кыргыз адабий китептери, театрлардын жетишкендиктерин баяндаган маалымат такталар орун алды. Ал эми музыканттар аспаптарда кол ойнотуп, жагымдуу кайрыктары менен коштоп турушту.

Мен ойлогон эмесмин, коллегия ушундай чоң шаан-шөкөт менен башталат деп. Анткени бардык коллегиялар жумуш түрүндө өтөт. Бул көргөзмө алыс жактан келген кызматкерлерибизге бири-бири менен таанышууга, жетишкендиктерин биле жүрүүгө керектир”,- деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: