super.kg logo

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежесин сактабаган интернет-клуб боюнча протокол түзүлдү

 

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө “Мандарин-2” интернет-клубунун кызматкерлеринин шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно түрдө бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу 5-февралда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордогу 8-кичи райондун №18-үйүнө жанаша жайгашкан интернет-клубдун аймагы антисанитардык абалга жеткен. Ошондой эле имараттын батыш тарабында суюктук калдыктары үчүн чуңкур казылган. 2014-2015-жылдарга кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн “Тазалык” ишканасы менен келишим түзүлгөн эмес.

Жыйынтыгында интернет-клубдун администратору Н.А.Кровековойдун атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.02.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча болгуча эч ким корбоптурбу? Мындай нерселерди алдын алуучу органдар барбы?
06.02.2015. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mayrambek2012, орган порганы жок эле озу озунун нан таап жеп жаткан жумушунун тегерек четин жыйнап койсо болот го озуно эле жакшы го чочкокана кылбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: