super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот Урмат Аманбаеванын мандаттан ажыратылышы боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын көзөмөл арызын карап, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 31-январындагы чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы быйыл 14-январда Урмат Аманбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Буга макул болбогон Аманбаева сотко арыз менен кайрылып, БШКнын токтомун жокко чыгарып берүүсүн өтүнгөн.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 31-январындагы чечими менен БШКнын 2015-жылдын 14-январындагы токтомун жокко чыгаруу чечиминен баш тарткан. Соттун биринчи инстанциясынын чечимине макул болбой У.Аманбаева көзөмөл арызы менен Жогорку Сотко кайрылган. Анда Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алуусун жана БШКнын токтомунун 2-3-пункттарын жокко чыгарып берүүсүн суранган",- деп билдирет Жогорку Соттун басма сөз кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: