Футбол боюнча Африка чемпиондугунун финалында Гана менен Кот-д'Ивуар курамасы ойнойт













Экватордук Гвинеяда өтүп жаткан Африканын футбол боюнча чемпиондугунун экинчи финалчысы аныкталды. Жарым финалда үй ээси Экватордук Гвинеяны 3:0 эсебинде утуу менен финалдык жолдомону Гана курамасы илип кетти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Интернеттен алынган
Маалыматка ылайык, ганалыктардын курамынан Андре Айю 2 ирет айырмаланса, дагы бир голду Вакасо Мубарак киргизе алды.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Кот-д'Ивуар курамасы жарым финалда Конгону утуп, финалга чыккан.
7-февраль. 3-орун үчүн болгон оюн
Конго ДР – Экватордук Гвинея
8-февраль. Финал
Кот-д'Ивуар - Гана
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.