Эльвира Сариева Кыргызстан менен Башкортостандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы мамиле жанданганын айтты
Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Башкортостанга иш сапары менен барышы эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын жандантты. Муну билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 5-февралда Башкортостандын премьер-министринин орун басары Салават Сагитов менен жолугушууда билдирди. Кыргызстандык студенттер учурда Башкортостан мамлекеттик университетинде, Уфа мамлекеттик авиациялык техникалык университетинде жана Уфа мамлекеттик мунай техникалык университетинде окуп жатышканын белгилеп, алар өлкөгө керектүү "социалдык кызмат", "мунайгаз иши", "кыймылдаткыч жана учуучу аппараттарды техникалык эксплуатациялоо", "геологиялык чалгындоо технологиясы" адистиктерин алып чыгышарын айтты Сариева.
Билим берүү жана илим министри Кыргызстан Башкортостандын студенттерин кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

