super.kg logo

Бишкектин конуштарындагы милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иши талкууланды

 

Борбордогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 5-февралда Көлмө, Бугу-Эне-Багыш, Жеңиш, Алтын-Бешик конуштарынын жашоочулары менен жолугушту. 

Иш-чарага Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек ШИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиев, Биринчи Май РИИБинин башчысы Канат Жумагазиев катышты. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жолугушууда милиционерлердин ишмердүүлүгү, конуштардагы тургундардын ар тараптуу көйгөйлөрү талкууланды. Жашоочулар аймактык тескөөчүлөрдүн иши тууралуу айтып жатып, көчөдө көп убакыт жүргөн өспүрүмдөр менен тыгыз иштешүү керектигин баса белгилешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: