"Кылмышты көпчүлүк учурда студенттер жасап жатышат" деди ички иштер министри
ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев: "Бишкекте күнүнө 80ге жакын кылмыш катталып жатат. Алардын көпчүлүгүн студенттер жасашууда",- деп билдирди парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар экенин кошумчалап: "Мал уурдоо, акча тоноо фактылары менен кармалгандар көп. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү студент балдар. Териштире келгенде айрым студенттер кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп чыгып жатышат. Алардын кээ бири жылына 2 жолу кылмышка аралашып, кармалышса, айрымдары биринчи жолу аралашкандар. Бул эми жумушсуздуктун айынан да болуп жатат",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

