super.kg logo
  Саясат  

ИИМдин Ички аскер бөлүгү Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүлдү

 
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгү Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүлүп берилди. Муну ички иштер министри Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маалымат берип жатып билдирди. Андан сырткары министр ички иштер органдарын реформалоо жана анын ишин жакшыртуу багытында ички иштер органдарынын тартиптик жаңы уставы жана жетекчи кызмат орундарына сынак өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобо бекитилгенин кошумчалады. "Айрым ашыкча түзүмдөр жоюлуп, айрым түзүмдөр өзгөртүлдү, жаңы башкармалыктар түзүлдү. Ал эми бош калган бирдиктер аймактык бөлүкчөлөрдү бекемдөө үчүн өткөрүлүп берилди",- деди Турганбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: