super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министри: "Кыргызстанда 4 уюшкан кылмыштуу топтун 687 мүчөсү бар"

 

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында Кыргызстандагы криминалдык жагдай, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүүгө Жогорку Кеңештин колдоо көрсөтүүсү жөнүндө маселе каралып жатат. Жыйында 2014-жылы Кыргызстанда 27 070 кылмыш катталып, ички иштер органдары тарабынан 18 794 кылмыштын бети ачылганы белгилүү болду.

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин айтымында, 1861 кылмыш оор жана өтө оор кылмыш болуп саналат. Мисалы, киши өлтүрүү – 308, ден соолукка атайлап катуу зыян келтирүү – 261, каракчылык менен кол салуулар – 372, талап-тоноолор – 1264, башканын мүлкүн уурдоо– 9017, бодо малды уурдоо – 979, шектүү кылмыштар – 16 302. Курал колдонуу менен 43 кылмыш жасалган.

Ушу тапта 4 уюшкан кылмыштуу топтун 687 мүчөсү бар экени тууралуу маалымат берилди. Мисалы, Камчы Көлбаевдин тобунда - 501, Азиз Батукаевдин тобунда - 56, Максат Абакировдун тобунда - 75, Алмаз Бокушевдин тобунда 55 адам бар. Өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 190 мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды. 

Ички иштер министри көптөгөн оор кылмыш жасаган адамдар жаза жоопкерчилигинен жеңил кутулуп кетип жатканын, ал тургай айрым кылмышкерлер сот органдары тарабынан бир эле эмес, көп жолу эч негизсиз бошотулган учурлар бар экенин кошумчалады. Депутаттар ушундай мыйзамсыз жосундарга бөгөт коюу жаатында укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: