super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министри Чаткалда 5,5 килограмм алтын уурдалганын буга чейин укпаганын айтты

 

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн 6-февралдагы жыйынында депутат Акуналы Досалиев ички иштер министри Мелис Турганбаевден Чаткалда алтын казган ишкананын тонолгону боюнча иштин жагдайын сурады. Былтыр сентябрда аталган райондогу "Фонта” ишканасынын кеңсесине бет капчан эки жигит кирип, компаниянын бир күндө өндүргөн алтынын тоноп кеткен. Алар ок атуучу курал менен кароолчусун ичке атып, дагы бир кызматкеринин акырегин сындырышкан. Алтындын көлөмү жалпы 5,5 килограмм болгон. Кармалган балдардын иши эмне болду?”- деп сурады депутат. Турганбаев бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. “Бул чоң көлөмдөгү алтын. Тилекке каршы, бул факт катталбаптыр, менин маалыматым жок. Мен сураштырып, ишти карап чыгам”,- деди Турганбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: