Борбордо тоноочулукка шектелген 2 жаран кармалды

Борбордогу жаңы конуштардын бириндеги дүкөнчүнү тоногон жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-февралда Арча-Бешик конушундагы соода күркөсүнө кирген 4 белгисиз жаран сатуучуну коркутуп, кассадагы акчаны жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү эки жаран кармалган. Алар 28 жаштагы жергиликтүү тургун жана 28 жаштагы Нарын облусунун тургуну болуп чыкты. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.