Жоомарт Оторбаев Орусиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы менен мындан аркы кызматташууну талкуулады
Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 6-февралда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу алкагында Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугушту. Оторбаев Кыргызстан кыргыз-орусиялык стратегиялык шериктештигинин бекемделишине жана аны күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи жана кыргыз-орусиялык өкмөттөр аралык комиссиянын активдүү ишине канааттанарын билдирди. Бардык жетишилген макулдашууларды толугу менен ишке ашыруу керектигин айтты.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү, соода-экономикалык кызматташуу, гуманитардык байланыштар, отун-энергетикалык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















