super.kg logo

Кыргызстан Башкортостанда өтө турган улуттук-маданий фестивалга катышат

 
Бүгүн, 6-февралда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Башкортостан Республикасынын Вице-премьер-министри Салават Сагитов, маданият министри Амина Шафикова, Мамлекеттик “Башкортостан” концерттик залынын маданий программалар дирекциясынын жетекчиси Айдар Зубайдуллин, Мамлекеттик бюджеттик мекемелеринин директору Алмаз Саетов менен жолукту. 
Аталган министрликтен билдиришкендей, жолугушууда 3-6-март күндөрү өтө турган Башкортостандын маданий жана илим күндөрү, ага даярдык туурасында талкуу жүрдү. Башкортостандын вице-премьер-министри С.Сагитов кыргыздар менен башкырлар тектеш калктардан экенин белгилеп, бир духта, бир менталитеттеги эл экенин айтты. 
Анын билдирүүсүндө Башкортостандын маданий күндөрү постсоветтик өлкөлөрдө 15 жылдан бери биринчи жолу өткөнү турат. Маданият министри А.Шафикова маанилүү иш-чарада элдик музыкалык аспаптарда кол ойноткондор, фольклордук топтор, кол өнөрчүлөр, театр труппалары өз өнөрлөрүн тартуулап, кино жана илим жаатында да алгылыктуу иш-чаралар өтөрүн билдирди. 
Жолугушууда Кыргызстан Башкортостан тараптан июнь айында ШКУнун алкагында өтө турган улуттук-маданий фестивалга, күз айларында өтө турган кинофестивалга чакыруу алды. Мындан тышкары Башкортостандын маданий күндөрүнүн алкагында эки өлкөнүн консерваторияларынын ортосунда студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу, концерт коюу боюнча макулдашууларга кол коюлары белгилүү болду. 
Министр А.Максүтов өз сөзүндө башкыр менен кыргыздар эзелтен орток руханий байлыкка ээ жакын элдерден экенин белгилеп, Кыргызстан үчүн тууган элдин маданий күндөрүн өткөрүү чоң сыймык экенин айтып өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: