Нарын. Нарын шаарында мүмкүнчүлүгү чектелүү 949 жаран бар
Нарын шаары боюнча 2011-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 911 адам катталса, 2012-жылы бул көрсөткүч 949 адамды түздү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмү билдирет. Бул адамдардын ичинен 18 жашка чейинки 263 бала бар. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында улуулар арасында психикалык оорулар менен жапа чеккендердин саны - 226, жүрөк-кан тамыр илдети менен ооругандар - 143, нерв системиндеги оорулар менен жабыркагандар 106 экендиги аныкталган. Ал эми балдар арасында нерв системиндеги оорулар менен жапа чеккендер - 107, психикалык жактан оорулуулар - 73, тубаса аномалия менен жабыркагандардын саны 52 экени белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















