super.kg logo
  Саясат  

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын көйгөйүнө байланыштуу түзүлгөн комиссия ишин баштады

 

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын көйгөйүнө байланыштуу түзүлгөн жумушчу комиссия бүгүн, 6-февралда жыйын өткөрүп, өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Жумушчу комиссиянын төрайымы, депутат Ыргал Кадыралиева комиссиянын иши натыйжалуу болуш үчүн алгач комиссия курамына кырдаалды түшүнө билген тиешелүү адистерди камтуу жана комиссиянын иштөө тартибин аныктап алуу зарылдыгын белгиледи.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар бөйрөк алмаштыруу, бул багыттагы бейтаптарга дары-дармектердин жетишсиздиги же кымбаттыгы, гемодиализ аппаратынын жетишсиздиги, мамлекет тарабынан каржылоо сыяктуу маселелерди иликтөөгө алуу зарылдыгын белгилешти. Ал эми отурумга чакырылган тиешелүү мекеме өкүлдөрү комиссиянын курамына Коррупцияга каршы кызматтан, Ички иштер министрлигинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Каржы министрлигинен, Монополияга каршы комитеттен өкүлдөр кириши керектигин айтышты. Жыйынтыгында чакырылгандар келерки жыйында комиссиянын конкреттүү мүчөлөрү менен иш алып бармай болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: