Борбордо "жашы жете элек кызды тоногон" деп шектелген үч жаран кармалды

Борбор калаада "жашы жете элек кызды тоногон" деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы Д.Сауле аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз 3 жаран күч колдонуу менен анын 15 жаштагы кызынын уюлдук аппаратын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы А.Азамат, Т.Бактияр жана У.Бакыт аттуу Бишкектин тургундары кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.