super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Эгин талаасына күздүк себүү боюнча берилген тапшырманы аткарбагандыгы үчүн 3 акимге сөгүш жарыяланды

 

Бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облусунда 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов, облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жылдын жыйынтыгы тууралуу Мирбек Асанакунов көйгөлүү маселелерге токтолуу менен бир катар жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ал эми облус боюнча айыл чарба дүң продукциясынын өсүү ыргагын төмөндөткөнү үчүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондук администрацияларынын башчыларына эскертүү берилди. Мындан сырткары эгин талаасына күздүк себүү боюнча берилген тапшырманы аткарбаганы үчүн  Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына сөгүш жарыяланды. Мындан башка да бир топ жетекчилерге эскертүү берилгенин билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: