super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "2014-жылы мал чарбачылыкты эске албаганда, айыл чарба тармагында дээрлик өсүш болгон эмес"

 

Бүгүн, 7-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйыны болуп өттү. Т.Сарпашев жыйындын жүрүшүндө 2014-жылы мал чарбачылыкты эске албаганда, айыл чарба тармагында өсүш болбогонун белгиледи. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан кабарлашты. 

"Министрлик, тилекке каршы, милдеттерин так аткара алган жок. 100дөн ашуун нормативдик-укуктук актылар ушул күнгө чейин күчүнө кире элек. Айрым иштер баштала элек. Тамчылатып сугаруу жана күнөскана чарбасын өнүктүрүү боюнча жарым жыл мурун айтылган дирекция түзүлө элек. Өткөн жылы Суу чарба жана мелиорация департаменти суу ресурстарын жөнгө салуу маселеси боюнча иш алып барган жок. Мунун кесепетинен Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгы жаралып, дыйкандар кыйналышты",- деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: