Абдырахман Маматалиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын коллегиялык жыйынына катышты
Кечээ, 7-февралда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, коллегияда аталган кызматтын 2014-жылы аткарган иштери жана 2015-жылга койгон пландары талкууланган.
“2014-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат тарабынан 1 миллиард 324 миллион сом кайтарылган. 2013-жылга караганда 467 миллион сомго көп. Бул көрсөткүчтү башка күч органдарына салыштырмалуу жыйынтыктуу десек болот. Бирок дагы деле көп иштер боюнча жыйынтык чыкпай келет. Коррупциялык схемалардын бети ачыла элек”,- деди Абдырахман Маматалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

