super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Москвада эски үлгүдөгү патенттердин колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн

 

Орусиянын Москва шаарынын башкармалыгы мигранттардын эски үлгүдөгү патенттеринин колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу 8-февралда Москванын Экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин башчысы Максим Решетниковго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жарыялашты.

"Учурда эски патент маселеси курч болууда, анткени аны 3 айга гана узартканга мүмкүн болчу. Былтыркы жылдан баштап мындай 800 миң патент мигранттарга берилген. Ушул документтердин ээлери 2015-жылдын биринчи 3 ай аралыгында кайра каттоого келиши керек. Мындан улам биз мигранттар жарым жыл же жыл ичинде бир айга 4 миң рубль төлөп, эркин эмгектене берсин деген ниетибиз менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап жатабыз",- деп билдирди Решетников.

Айта кетсек, 2015-жылдын 1-январынан тарта Москвадагы мигранттар үчүн патенттин баасы 4 миң рублга чейин кымбаттаган (айына).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: