super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "көп кабаттуу үйлөр курулганда унаа токтотуучу жайы менен балдар аянтчасы кошо курулушу керек" дешүүдө

 
Бүгүн, 9-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында “Бишкек шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жана жалпы пайдалануудагы жерлерди имарат жана турак жай куруу үчүн ижарага же жеке менчикке берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралууда.
Жыйында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов учурда 249 көп кабаттуу үйдү мыйзамдаштыруу боюнча мэрия тарабынан иш жүргүзүлүп жатканын айтты. "Үй курула электе жер тилкесинин 40 пайызы үйдүн аймагы, ал эми калган 60 пайызы керектүү инфраструктурага бөлүнөт. Бул тууралуу мыйзам бар, бирок ал иштебей калган. Биз бул багытта иш жүргүзүп жатабыз",- деди мэр.
Комитет мүчөлөрү турак үйлөрдүн аймагында унаа токтотуучу жай жана балдар ойночу жай сөзсүз түрдө болушу керектигин айтышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: