super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүү февралда Кыргызстанда өтөт

 
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр февралда Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. "Акыркы сүйлөшүүлөр январда Тажикстанда өткөн, эми бизде өтүшү керек. Кайсы деңгээлдеги жолугушуу болорун тактап жатабыз",- деген өкмөт өкүлү жолугушуулардын негизги темасына токтолду.
"Архивдик материалдардын үстүнөн иштеп жатабыз. Ар бир маалымат дыкат иликтенүүдө, алдыга жылыштар бар. Сүйлөшүүлөр өткөндөн кийин вице-премьер-министрлердин деңгээлинде жолугушуу болмокчу. Жакында 4 кишиден турган делегация Литвага барып, жыйынга катышып келдик. Прибалтика өлкөлөрү чек арасын кантип такташканы боюнча маалымат алдык, анын керектүү жактарын бизде да пайдаланалы деп жатабыз",- деди Искандаров. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: