super.kg logo
  Саясат  

"Түндүк электр" 700 киловаттык электр энергиясы боюнча түшүнбөстүктөргө жооп кайтарды

 

Абоненттерде буга чейин "электр энергиясынын эсеп-дүмүрчөгүндө (квитанция) арзан тариф менен берилчү 700 киловатт-сааттын ордуна эмне үчүн 690 киловатт деп жазылууда?" деген суроо жаралганы маалымдалган. "Түндүк электр" ишканасы буга жооп кайтарды: 
"Электр энергиясынын көлөмүн эсепке алууда “Түндүк электр” ААКсы өкмөткө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин буйругу менен бекитилген “Электр жана жылуулук энергиясынын тарифин колдонуунун убактылуу нускамасынын” негизинде иш жүргүзөт. Колдонулган электр энергиясын эсептөөдө 700 киловатт абоненттин күнүмдүк керектөөсүнүн негизинде келип чыгат, ал 23 (23. 0137) киловатт-саатты түзөт:

700 киловатт х 12 ай = 8400 киловатт:365 = 23,0137 киловатт. 

Абоненттин эсептегичинин көрсөтмөсүн алуу графигине байланыштуу эсептөө мезгили бир айдан кем же көп болушу мүмкүн. Мисалы, абоненттин 23 киловаттык керектөөсү 27 күнгө көбөйтүлсө: 23 х 27 күн = 621 киловатт-саат. 

Эгерде абонент айына 700 киловатт же андан көбүрөөк керектесе, бир жыл ичинде 70 тыйын тарифи менен 8400 киловатт көлөмүндөгү электр энергиясы эсептелинет".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: