2014-жылы 106 өспүрүм өз жанын кыйган
"Өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны жылдан-жылга өсүүдө",- деп билдирди Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев бүгүн, 9-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. "2013-жылы 100гө жакын өспүрүм өз жанын кыюуга барса, 2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында алардын көпчүлүгүнүн турмуштан оор азап тартканы мындай кадамга барууга түрткү болуп жатат",- деди Баев. Ошондой эле өткөн жылы 66 өспүрүмгө карата зордуктоо фактылары катталганын кошумчалады. "52 факты боюнча тергөө иштери аяктап, соттун кароосуна жиберилсе, 6 факты өндүрүштөн кыскартылды, 8 иш боюнча учурда тергөө иштери улантылып жатат",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.