super.kg logo
  Спорт  

Аргентиналык футболчулар 2016-жылкы Олимпиадага жолдомо алышты. Кыргызстандыктар мартта жолдомо ойнотулуучу мелдешке катышат

 
2016-жылы Жайкы Олимпиада оюндары Рио-де-Жайнейро шаарында өтөт.
Орусияда өткөн Шериктештик Кубогунда 6-орунду ээлегенден кийин кыргызстандык футболчуларга болгон ишеним артты.
Аргентинанын жаштар курама командасы

Футбол боюнча Аргентинанын 20 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курама командасы Латын Америкасынын биринчилигин утуп алды. Аргентиналыктар медаль тагынып тим болбой, 2016-жылы Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, упай топтоо менен жеңиш ээсин аныктоо системинде ойнолгон мелдеште аргентиналыктар үй ээси Уругвайды акыркы турда 2:1 эсебинде утуп алышты. Муну менен алар карамагындагы упайдын санын 13кө жеткиришти. Бул мелдеште Олимпиадага бир жолдомо ойнотулган. Аргентинадан тышкары аталган мелдешке катышуу укугуна азырынча Бразилия курамасы гана ээ. Алар мелдешке катышуу укугун үй ээси катары биринчи болуп алышкан.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстан жаштар курамасы да кармаш өткөрөт. Тактап айтканда, кыргызстандыктар март айында 23 жашка чейинки футболчулар арасында өтүүчү Азия чемпиондугуна катышышат. Анда Кыргызстан жаштар курамасы В тайпасында Пакистан, Иордания, Кувейт жана Түркмөнстан курамалары менен жайгашкан. Жолдомо алуу үчүн мелдеште 1-орунду камсыздоо керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.02.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsi
09.02.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх кандай соонун шааар,бир эгин талаасын корунбойт..кантип онугуп жатат булар?????
09.02.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рио-де-Жанейро,менин кыялымдагы шаар.Омур откончо бир барып келсем кана?!
09.02.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алга,Риодо женишке жетпесенер да катышуучу болушунарды тилейбиз,мен да Риодо олимпиадага волонтёр болоюн дедим эле бирок шарттары бир аз кыйыныраак экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: