Депутаттар Орусиядагы мигранттардын өлкөгө кайтып келүүсүнөн чочулашууда
Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын өлкөгө кайтып келүүсүнөн чочулашууда. Депутат Максат Сабиров алардын кайтып келиши менен өлкөдө экстремисттик топтор жанданышы мүмкүн. "Жаштар экстремисттик маанайдагы билдирүүлөр уюлдук кызматтар аркылуу келип жатканын айтышууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети каякты карап отурат? Орусиядагы кризис кооптонуу жаратып жатат. Ал жактагы мигранттар кайтып келишсе, бул жерде алектене турган эч нерсе таппай, акчанын кызыкчылыгы менен экстремисттерге азгырылып кетиши мүмкүн",- дейт Сабиров.
Башка депутаттар да аталган маселенин олуттуу экенин белгилешип, миграция көйгөйүн март айында кеңири талкуулоону сунушташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

