super.kg logo
  Саясат  

Текебаев менен депутат Узакбаевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты

 
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 9-февралдагы жыйынында депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Талантбек Узакбаевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Бишкек жана Ош шаарларындагы документсиз үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдын долбоору каралып жатканда Узакбаев долбоордо тактай турган жерлер бар экенин айтты эле, Текебаев: "Филармониянын жанына үй курдуруп жатканыңызды, аны кимдин атына каттатып койгонуңузду да билем. Эмне, сизге курууга болот да, жөнөкөй адамдарга болбойбу?"- деп жооп кайтарды.  
Мындан кийин Узакбаев кесиптешин абайлап сүйлөөгө чакырып, аталган аймактагы үйгө тиешеси жоктугун, аны далилдеп берүүгө даяр экенин билдирди.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: