super.kg logo
  Саясат  

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев педофилдерди эл көзүнчө бычууга даяр экенин билдирди

 
Кыргызстанда кылмышкерлер үчүн өлүм жазасын колдонуу же колдонбоону эл чечиши керек. Муну бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Кыргызстандагы өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300дөй. 

"Орусия өлүм жазасын алып салуудан 2006-жылы эле баш тарткан. Түркия деле мындан таптакыр баш тарткан жок, мамлекеттик чыккынчылык сындуу бир катар оор кылмыштарды караган мыйзам беренелери мурдагы бойдон калды. Ал тургай "демократиянын башаты" делген АКШда дагы өлүм жазасынын 3 түрү азыркыга чейин колдонулат. Ал эми айрым штаттардын мыйзамдарында кылмыштын андан башка түрлөрүнө да өлүм жазасы каралган.

Буга чейин кыргыз парламентинде бачабаздарга химиялык кастрация жасоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок адистер мындай чаранын жетишсиздигин айтышууда. Кыргызстандын башкы урологу Акылбек Усупбаев хирургиялык кастрацияны жыл сайын кайталап туруу зарыл болгондуктан, ар бир кылмышкерге жылына 6 миң доллардан ашуун каражат сарпталарын, андан көрө биротоло бычып салуу чарасын сунуштады. Ал эми академик Мамбет Мамакеев андай адамдарды жеке өзү эл көзүнчө бычууга даяр экенин жарыя кылды",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары кылмыштын айрым түрлөрүнө өлүм жазасын колдонууну ички иштер министри Мелис Турганбаев, парламент депутаты Абдыманап Кутушев колдой турганы айтылды. 

Айта кетсек, акыркы мезгилде балдарга болгон зордук-зомбулуктун күчөшүнөн улам жер-жерлерде өлүм жазасын кайра киргизүүнү демилгелөө үчүн кол топтоо жүрүп жатканы айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: