super.kg logo
  Саясат  

Улуу Жеңишке арналган иш-чараларды 9-майдан 17-майга чейин өткөрүү сунушталды

 

Депутат Ирина Карамушкина Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган иш-чараларды 9-майда гана эмес, 17-майга чейин өткөрүүнү сунуштады. Муну депутат бүгүн, 9-февралда парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуу Жеңишти белгилөө ири жана дүйнөлүк окуя болгондуктан, аны өзгөчө өткөрүү керек. "Ал бир гана саясий эмес, тарбиялоочу-патриоттук мүнөздө болушу керек. Куралдуу күчтөрдүн беделин жогорулата турган болушу зарыл. Бизде социалдык жарнама боюнча мыйзам бар. Андан пайдаланып, жакшы видеотасмаларды тартып элге көрсөтсө туура болот. 9-майдан кийин мектеп окуучуларына экскурсияларды өткөрүү аларга жакшы таасир калтырат",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: