super.kg logo
  Саясат  

Парламентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси жабык эшик артында каралууда

 
Бүгүн, 9-февралда Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жабык эшик артында карап жатат. Мындай чечимди комитет бир добуштан кабыл алды.
Жыйындын катышуучулары КРнын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын иши менен таанышууда. Күн тартибине ылайык, бул маселе боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров баяндама жасап жатышат. Мындан тышкары жыйынга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев чакырылышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: