super.kg logo

Таластагы рейддин жүрүшүндө бир нече ок атуучу курал алынды

 

Өткөн аптада 3-7-февраль күндөрү Талас облусунун аймагында “Арсенал” рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, рейддин жүрүшүндө жалпы 264 даана ар кандай калибрдеги ок-дары, 1 даана күйүп калган абалдагы ПМ үлгүсүндөгү тапанча, 1 даана атайын каражат болуп эсептелген бронежилет, 1 даана катуу үн чыгаруучу граната жарандар тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында тапшырылды. 

Ал эми 2 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, 1 даана 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана сот тарабынан берилген турак жайга тинтүүгө уруксат берилген токтомдун негизинде тинтүү учурунда табылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: