super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга 1 жылда асыл таштардан жасалган 20 тоннадай буюмдар алынып келинет

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 9-февралдагы жыйынында баалуу металл жана асыл таштан жасалган буюмдар менен иш жүргүзгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, жактырылды

Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин айтымында, баалуу металлдар жана асыл таштар менен соода жүргүзүү жаатында мыйзамдын талаптарын бузуу өтө көп, ал эми айып пулдун өлчөмү аз болууда. Азыр айып пулдун өлчөмү 5 миң сом, муну 10 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга жылына 20 тоннага чейин баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар алынып келинет. Баалуу металлдан жасалган буюмдарга толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик эн тамгасы басылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө ал талап аткарылбай жатканы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: