super.kg logo
  Саясат  

Катар өлкөсү кыргыз мигранттарын кабыл алууга даяр

 

Катар өлкөсү кыргызстандык мигранттарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамед бин Арар аль-Наими 9-февралда эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен жолугушууда билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда эмгек мигранттарын Катарга кабыл алуу боюнча Кыргыз-Катар келишими талкууланды. Андан сырткары Доха-Бишкек-Доха түз аба каттамын ачуу, Кыргызстандан чыккан айыл чарба товарларын Катарга экспорттоо маселеси да каралды.

Элчи мигранттардын укуктарын коргоо негизги маселе экенин айтып, Катарда дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келген эмгек мигранттары иштеп жатканын билдирди. Министр Азыранкулов Катарга кесипкөй жумушчуларды жиберүүгө Кыргызстандын кызыкдар экенине токтолду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: