super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар айрым жарандардын насыялык карыздарын жоюу боюнча өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишин талкуулашты

 

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 9-февралдагы жыйынында "Адилетке жол" коомдук уюмунун жапа чеккен зайым алуучуларынын кайрылуусу жана 2010-жылдагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан зайымчыларга колдоо көрсөтүүдөгү өкмөттүн жана Улуттук банктын иши тууралуу Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 18-апрелиндеги токтомунун аткарылышы талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, өкмөт Улуттук банк менен бирге коммерциялык банктар тарабынан берилген 155 адамдын 453 миллион сомдук карызы боюнча иш жүргүздү. "Бардык насыя карыздарынын чоо-жайы иликтенип чыкты. Бир катар насыя карыздарын төлөө мөөнөтү узартылып, карыздарды төлөөнүн ийкемдүү графиги түзүлдү, алардын туумдары убактылуу токтотулуп турат",- деп билдирди Сарпашев.

15 адам коммерциялык банктарга 8 миллион сом карызын төлөөдөн таптакыр баш тартып жатканы айтылды. Ал тизмеге аталган уюмга тишеси жок адамдар да киргизилип калганын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов тастыктады. “Токтомдо "карыздар республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жабылсын" деген талап бар экен, бул мыйзамга каршы келет. Ал адамдарды насыя алгын деп эч ким мажбурлаган эмес",- дейт Абдыгулов.

Жыйынтыгында калган насыяларды жабуу жаатында коммерциялык банктар менен бирге бул багыттагы иштерди улантуу тапшырмасы берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: