9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Айпери Кулбаева, Майрамбек Осмонов "Туулган жер"
Жүктөлгөн: 2016-08-15
Текст
Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан,
Бары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан. Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең, Ызгаарда ороп-чулгап коюн каткан. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Жаралгандан жанып турган жарыгымсың, Аталардан калган өзөк, тамырымсың. Кубат кетип, алдан тайып турганымда, Күлазык болуп берчү азыгымсың. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап, Жылдар эмес, кылым өтөр убап-чубап. Сурай албай калсам дагы абалыңды, Сен турарсың урпактардан абал сурап. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|