9-сентябрь - 16-сентябрь
|
Темир Назаров "Чырай жүздүү"
Жүктөлгөн: 2013-10-25
Текст
Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Мүмкүн, сени Кудай өзү бергендир, Аалам жүзү сенден бүткөн өңдөнүп, Сен деп гана жашам келем негедир. Баталгага баш сайылган күндө да Сени гана көргүм келет негедир Койнумдагы сагынычым тарабай, Сени гана эңсеп келем негедир. Көзүң жарган аппак таң, Арзууларын узаткан, Шүүдүрүмдөн тамчысы Жүрөгүмдү суусаткан Соолуп кетсем кимде айып? Тамырымдан куураткан Тамчысынан сүйүүнүн Чайыналы булактан. Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир, Сагынычым жазып күнүм келгендир Чырайыңа чайынмайн эч качан Өлүм деле албайт деле мени негедир. Баталгага баш сайылган күндө да Сени гана көргүм келет негедир Койнумдагы сагынычым тарабай, Сени гана эңсеп келем негедир.
Биз социалдык тармактарда:
Популярдуу видеолор
Жылаңач Бактыгүл (жашыруун камера, нерви жукалар көрбөгүлө!).18 жашка чейинкилерге көргөнгө болбойт.
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:
|