super.kg logo

Бегимай Бекбоева "Атама"
Жүктөлгөн: 2009-09-01
Текст
Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң ай, жашайт тура.
Беш миң жыл арча деле.

Кайырма:
Мүмкүн сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.

Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин ай, жүрөктү оюп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.

Кайырма:
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албай.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.

Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.

Кайырма:
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;