super.kg logo

Саламат "Табышмак кыз"
Жүктөлгөн: 2011-09-12
Текст
Агарып чыгыш таң атты,
Көркүнө кирип айлана.
Агылып сүйүү жарыгы,
Булуттар жылат алдыга.
Тосом деп күндү шашкансыйт,
Издетпей мени табарын.
Муздак жел согуп тоо жактан,
Шыбырап айтып жаткансыйт,
Издетпей мени табарын.

Кайырма:

Сырымды ачык айталбай,
Тартынам жакын баралбай.
Табышмактуу бир кызга,
Болдум мен ашык жалындай.
Жаңырган айдай элесиң,
Жакындап дайым келесиң.
Кармайм деп колум сунганда,
Жок болуп кайра кетесиң.

Мезгилдер учат алмашып,
Баратат өтүп убакыт.
Сүйүүмдү ачык айталбай,
Жүрөгүм сыздайт кыйналып.
Алоолоп сезим жаркырайт,
Күзгүгө түшкөн шооладай.
Кыйналам таппай айламды,
Жеңе албай баскан санаамды,
Билбейсиң менин алымды.

Кайырма:

Сезимим менин таптаза,
Кири жок тунук булактай.
Жүрөктө жүрөт сакталып,
Кылымдар сени унутпай.
Дүйнөдө сүйүү бар үчүн,
Жашоонун болот мааниси.
Керемет жок андан ашкан,
Ал адамдын чоң бактысы.
Чыныгы сүйүү бир келет,
Ал назик жана морт болот.
Аярлап сактап калбасаң,
Бат эле сынып жок болот.

Кайырма:
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
00:03:33
Майда
21 cаат мурда
калганы >>>
Элдик видео
00:00:31
видео
2 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер


    21 cаат мурда


    21 cаат мурда


    22 cаат мурда
калганы >>>
Элдик аудио


    3 жыл мурда


    3 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;